ТАЛАС. Эскерүү расмиси «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын Талас аймактык бөлүмүндө өттү. Курман болгон атуулдардын аты-жөнү көрүнүктүү жерде илинип турду. Аталган коалициянын директорлор кеңешинин төрагасы Райымкул Сатыбалдиев, коалициянын аймактык менеджери Арзыкан Момунтаева бул инсандар Кыргызстандагы адам укугу жана демократия үчүн курман болгондугун эскеришти. Талас шаарынын имамы Жапаралы Райымбеков курман болгондордун арбагына багыштап куран түшүрдү. Аза күтүү расмисине катышкан бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү, журналисттер жана ишкерлер Аксы трагедиясын «бийликтин демократия жолундагы ири катачылыгы» деп баалашты.