БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте былтыркы Аксы окуясынын бир жылдыгы эскерилди. Адегенде борбордогу эски аянтка чогулган 100дөн ашуун киши өткөн жылы Аксыда 17-18-мартта милиция кызматкерлеринин аткан огунан шейит болгондорго арнап куран окутушту. Андан кийин алар Максим Горький атындагы паркка барышып, ал жерде да куран окулуп, чакан митинг өткөрүлдү. Куран окууга жана митингге Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын бир катар депутаттары, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын лидерлери катышты. Өлгөндөргө куран окутууга жолтоо кылган учурлар болду. Маселен, эски аянтта бир жагынан катуу музыка менен окуучу балдардын ыр-бийи уюштурулса, экинчи жагынан аянтка жол оңдоочу техникалар толтурулду.