Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Ирак согушуна даярдыктын жүрүшү Берлинде талкууланды


АКШлык аскерлердин Европадагы күчтөрүнүн командачысы генерал Жеймс Жонс Берлинде Германиянын коргоо министри Петер Штрук менен кездешип, мүмкүн болчу Иракка каршы согушка даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.
Штруктун өкүлү талкуунун мазмуну жөнүндө кеңири маалымат бербестен, “жолугушууда америкалык аскерлерди Германия аркылуу ташып өтүүнүн жолдору талкууланды” деп кыска кабарлады.
Ирак согушу Улуттар Уюмунун мандаты жок башталса да, Германия Рамштейн жана Рейн-Майн аскерий базаларын америкалыктардын каалаганча пайдалануусуна кепилдик берген.

XS
SM
MD
LG