Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Ирак кризиси курчуй баштады


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Иракты күч менен куралсыздандыруу жөнүндөгү АКШ, Британия жана Испания сунуш кылып жаткан резолюция боюнча добуш берүү болбойт. Бул тууралуу Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жереми Гриинсток билдирди.
Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен бүгүн эртелеп, Улуттар Уюмунун Иракка ультиматум жарыялоосуна же Иракка каршы токтоосуз күч колдонууну жактаган резолюция кабыл алуусуна Франция каршы экенин жарыя кылган.
Россиянын президенти Владимир Путиндин сөзүнчө, АКШ башындагы күчтөрдүн Иркка каршы согушу “өтө олуттуу кесепеттерге алып барган жаңылыш кадам болот”. Согуш эл аралык кырдаалды да бейстабилдештирип жиберет.
В. Путин Москвада жасаган билдирүүсүндө “Россия Коопсуздук Кеңешинин Иракка каршы согуш ачуу жөнүндөгү резолюциясына жол бербейт” деп эскертти.
“Ирак маселеси Улуттар Уюмунун алкагында сүйлөшүүлөр аркылуу жөндөлүшү абзел”,- деп билдирди Кытайдын жаңыдан дайындалган тышкы иштер министри Ли Чжаосин. Линин сөзүнчө, Кытайдын өнүгүүсү үчүн тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыздоону ал өзүнүн негизги борчу деп санайт.
Ли Чжаосин билдирүүнү Кытай элдик конгресси аны тышкы иштер министри кылып бекиткенден кийин жасады.
Европа комиссиясы Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерди Ирак кризисин тынчтык жолу менен жөндөө үчүн бар аракетин жасап, Улуттар Уюмунун эл аралык кадыр-баркын сактап калууга чакырды.
Еврокомиссиянын өкүлү Рейжо Кемппинендин айтышынча, “комиссия Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирак маселеси боюнча бир мунасага жете албаганына катуу өкүнүчтө”.

XS
SM
MD
LG