Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Армения оппозициясы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда


Армениянын оппозициялык Элдик партиясынын төрагасы Степан Демирчян Конституциялык сотко кайрылып, жакында болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табууну суранды. Соттун басма сөз катчысы Ованес Папикяндын айтымында, доону кароо мөнөтүн сот сегиз күндүн ичинде аныкташ керек. Өкмөт жарыялаган маалыматтар боюнча, 5-мартта болуп өткөн шайлоодо Демирчян азыркы президент Роберт Кочарянга утулуп калган. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун пикиринде, Армениядагы шайлоо эл аралык стандарттарга туура келген эмес.

XS
SM
MD
LG