Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

Орусия өткөрүп жаткан референдумду Чечен президенти Масхадов сынга алууда


Чеченстандын президенти Аслан Масхадов Маскөөнүн акыркы аракеттерин сынга алды. Орус жетекчилиги тарабынан 23-мартка дайындалган референдум, Масхадовдун пикиринде, күч менен өткөрүлүп жаткан шайлоо. Анын пикири интернеттеги сайтка жарыяланды. Президент Владимир Путин жекшемби күнү элге кайрылып, эгер чечен калкы референдумга коюлган конституцияны жактырса, Чеченстанга кеңири автономия берилет деп билдирген. Орусиянын алтымышка жакын белгилүү адамы Путинге кайрылып, аны Чечен жетекчилери менен сүйлөшүү өткөрүүгө чакырды. Өткөн ишемби күнү болсо Чеченстанда белгисиз адамдар атактуу адам укугун коргоочу Имран Эжиевди кармап кеткен жана анын дайны эмгиче белгисиз.

XS
SM
MD
LG