12-март күнү өкмөт үйүнүн алдында Сербиянын премьер-министри Зоран Жинжичтин атып өлтүрүлгөндүгү менен байланыштуу тергөө уланууда. Бардыгы болуп 750 адам камакка алынды, бирок өлтүрүүнү даярдаган деп шектелген "Земун" кылмыштуу тобунун жетекчиси Милорад Лукович кармала элек. Кечээ күнү болсо, полиция белгилүү ырчы Светлана Разнатовичтин үйүндө катылган ири өлчөмдөгү курал тапты. Светлана - мурда абдан белгилүү болгон кылмышкер жана атып өлтүрүлгөн Аркандын жесири.