Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Дүйнө мамлекеттери АКШнын чечимин сынга алууда


Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Иракка каршы согуш ачуу менен Америка Кошмо Штаттары чоң ката кетирип жатат. Кытайдын жаңы өкмөт башчысы Вэнь Цзябаонун пикиринде, Ирак маселеси Бириккен Улуттар аркылуу гана чечилүүгө тийиш. Франция президенти Жак Ширактын айтымында, эл аралык коомчулуктун пикирине көңүл бурбагандыктан келип чыга турган чатак үчүн жоопкерчиликти АКШ тартат: "Окуялар келечекте кандай нукта өнүксө дагы, бул ультиматум - эл аралык мамилелердин өзүн бузууда. Бул чечим элдердин, региондун жана бүткүл дүйнөнүн стабилдүүлүгүн опурталдуу абалга салууда". Ирактын Бириккен Улуттардагы өкүлү Мохаммед ад-Дуринин пикиринде, бул согуш Иракка да, АКШга да жана бүткүл регионго да пайда алып келбейт. Алмания канцлери Герхард Шрөдер бүгүн эртең менен сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, согуш аракеттеринен негизинен карапайым калк жапа чегет деп билдирди. Анын айтымында, Ирактан чыккан коркунуч ага каршы башталып жаткан согушту актабайт. Ватикан, Грекия жана Швеция АКШнын чечимин жактырган жок, ал эми Алманиянын оппозициясы жана Австралия АКШны колдоодо.

XS
SM
MD
LG