АКШ президенти Жорж Буштун айтымында, Иракка каршы күч колдонууга Бириккен Улуттар тарабынан ноябр айында кабыл алынган биринчи резолюция эле жетиштүү. Бирок АКШ, Испания жана Улуу Британия жакында экинчи резолюциянын да долбоорун даярдаган, анткен менен Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши ал тууралуу бир пикирге келе алган эмес. Кеңештин туруктуу мүчөлөрү Орусия жана Франция ал резолюцияга катуу каршы чыгып, эгер согуш башталса, анын аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз деп билдирген жана резолюцияны колго салуудан аталган үч өлкө баш тартты. Президент Буштун айтымында, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши ага жүктөлгөн жоопкерчиликке жете алган жок, ошондуктан жоопкерчиликти АКШ өзүнө алууда.