Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

АКШ президенти Ирак президентинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылууда


АКШ президенти Жорж Буш 17-март күнү кечинде эл аралык коомчулукка кайрылып, Ирак жетекчилигине акыркы эскертүү жасады. Анын сөзү дүйнөнүн бардык негизги үналгы-сыналгы түйүндөрү аркылуу берилди: "Ондогон жылдарга уланган калп менен катаалчылык аяктады. Саддам Хусейн жана анын уулдары өлкөдөн 48 сааттын ичинде чыгып кетиши керек. Эгер алар антпесе, аскерий аракеттер башталат жана согушту качан баштаарды биз өзүбүз чечебиз. Коопсуздук менен байланыштуу, Ирактын аймагындагы чет өлкөлүктөр, алардын ичинде журналисттер жана инспекторлор дагы өлкөдөн дароо чыгып кетүүгө тийиш. Мени ирактыктар да угуп жаткан болуш керек жана аларга да менин айта турган сөзүм бар. Эгер биз согуш баштоого аргасыз болсок, ал согуш силерге каршы эмес, силерди башкарган кылмышкер жетекчилерге каршы багытталат". Эгер президент Саддам Хусейн шаршемби күндүн кечине чейин өз өлкөсүнөн качып чыкпаса, Иракка каршы согуш башталат. Бирок Буштун эскертүүсү жарыялана электе эле Хусейн аны четке каккан жана бийликтен да, өлкөдөн да кетпейм деп билдирген. Президент Буш өз сөзүндө ирактык аскерлерге да кайрылып, аларды - согуш башталса, кеңири кыруучу куралды колдонбоого жана мунай кендерин жардырбоого чакырды.

XS
SM
MD
LG