Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Бишкекте доллардын курсу кескин түштү


БИШКЕК. 18-мартта Бишкекте бир АКШ долларынын баасы 41-42 сомго түштү. Улуттук Банктын ушул күнү маалымат жыйынын өткөргөн өкүлдөрү «доллардын курсунун төмөндөшүнөн чочулаганга эч негиз жок» деп ишендиришти. Банктын валюта башкармалыгынын башчысы Анжелика Линин айтымында, доллардын арзандашына биринчи кезекте Иракка байланыштуу кырдаал жана ошондон улам атайын жасалып жаткан кызыл кулактык себеп болууда. Экинчиден буга коммерциялык банктардагы чет элдик активдин сомго караганда көптүк кылышы жана сомдун көлөмүнүн 13,4% гана түзгөндүгү да түрткү болуп жатат. Ушундан улам Улуттук Банк 17-марттан тартып валюта интервенциясын жасап, 500 миң доллар сатып алды. Башкы банк АКШнын экономикасынын начарлашы жана Иракка каршы согуш доллардын курсунун мындан аркы төмөндөшүнө алып келбейт деп үмүттөнөт. «Анткени банктын резервинде 316 миллион доллар бар»,- деди Улуттук Банктын башкарма башчысы.

XS
SM
MD
LG