Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Ирак маселесине байланыштуу билдирүү таратты


БИШКЕК. 18-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги АКШнын Иракка каршы согуш ачуу аракетине байланыштуу маалымат таратып, анда «эгер согуш болсо ал регионго экологиялык зор алаамат алып келет» деп билдирди. Муну АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын адистери өздөрү да моюнга алып жаткандыгын баса белгилеген элчилик, 90 миллиард баррел мунайы бар Ирактагы мунай иштетүүчү жайлар жардырыла турган болсо, анын май аралашкан түтүнү Ирактын 53%, Кувейттин 27% аймагын каптап калаарын кабарлады. Андан тышкары, элчиликтин маалыматына караганда, бомбалар Перс булуңундагы биоресурстарга, жаратылыштын өзүн-өзү тазалоо процессине кесепетин тийгизет. Ал эми химиялык жана биологиялык куралдар сыналган жайлар жарылса ал радиациялык кубаттуулукту көбөйтөт.

XS
SM
MD
LG