БИШКЕК. Аксы окуясынын бир жылдыгына карата Аксы районунун борбору Кербен айылында өткөн митингге катышкан депутаттар, укук коргоочулар жана саясий партия өкүлдөрү шейшембиде атайын маалымат таратышты. Анда, «Аксы жолу кыргызстандыктар үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү демократтар үчүн демократияга баруунун жолу болуп калды. Былтыр бейкүнөө жерден каза болгон жарандарды эскерип, жалпы адамдык баалуулуктарды, адамдык укук менен эркиндикти эч кандай бийлик басынта албасын ушул баалуулуктарга баш ийгендер баса белгилешти» деп айтылат. Андан тышкары митингдин катышуучулары «ушул жылдын 17-мартынан тартып кыргыз коомчулугунда чыныгы өзгөрүүлөр башталды жана бийлик жарандардын демократияны, жарандык коомду өнүктүрүүгө бет алган демилгесин колдоо менен, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө шарт түзүшү керек» деп билдиришти. Бул тууралуу Жарандык лидерлер форумунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова кабарлады.