Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Москвада Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны болот


БИШКЕК. 19-21-мартта Москва шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны болот. Ага Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов катышат. Бул тууралуу шейшемби күнү Коопсуздук Кеңешинен кабарлашты. Андан алынган маалыматка караганда, Москвадагы жыйында Ирактын айланасында түзүлгөн кырдаал, баңгизаттарды ташууга каршы күрөш маселелери талкууланат. Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG