Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Кыргыз өкмөтү 2002-жылдын жыйынтыгы жана быйылкы милдеттер тууралуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү 2002-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы жана быйылкы милдеттер тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, 2002-жылы Кыргызстандын макроэкономикасында туруктуулук сакталып, инфляциянын көлөмү 2,3% болду. Азык-түлүк товарларынын баасынын индекси 2%, башка товарлардыкы 0,9%, кызмат көрсөтүүлөрдүкү 4% болду. Тышкы сооданын көлөмү 972 миллион доллар болуп, 2001-жылга салыштырмалуу 14% өстү. Ички дүң продукциянын көлөмү 3,1% өстү. Ал эми 2003-жылы өкмөт экономикалык өсүштү 5,8%тен кемитпөө, анын ичинде айыл чарбасыныкын 5%, өнөр жайыныкын 10%, курулуштукун 5%, кызмат көрсөтүүнүкүн 4,5% жеткирүү милдетин алдыга койду. Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги болсо экспорттун көлөмүн 10% өстүрүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG