Премьер-министр Фог Расмуссен бүгүн Копенгагенде парламенттин имаратында пресс-конференцияда чыгып сүйлөмөк. Ал 50 чакты кабарчынын алдына чыкканда челек көтөргөн киши башынан ылдый кызыл боёк куюп жиберди.
Кабарларда анын Ирак маселесинде Дания өкмөтүнүн АКШны колдогон позициясына нааразы болуп, ушул кадамга барганы айтылат. Тышкы иштер министри Пер Стиг Мөллерге да экинчи киши боёк чачты. Полиция эки активистти тең кармап кетти.
Даниянын парламентине ар ким паспортун көргөзүп кирип-чыга берет.