Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:35

Ватикан Кудайдын алдында АКШ өзүнө оор жоопкерчиликти алып жатат деп эсептейт


Католик чиркөөсү бүгүн президент Жорж Буштун "Ирак кризисинде дипломатияга арга калган жок" деген бүтүмүн сынга алды.
Рим Папасы Иоан Павел согушту болтурбоо үчүн Коопсуздук Кеңешиндеги сүйлөшүүнү улантууга чакырды.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Ватикандын тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле жасап жатканын, Америка тынчтыкты сүйөөрүн белгилеп, бирок Ак Үй өз турумун өзгөртпөй тургандыгын билдирди.
Ал эми Нью-Йоркто Ирактын Бириккен Улуттардагы элчиси Мохаммад ад-Дури Буштун ультиматумуна Багдаддын реакциясын төмөнкүчө билдирди:
"Кеп президент Саддамдын жана анын уулдарынын (сүргүнгө) кетишинде эмес. Жок. Кеп мунайда болуп жатат. Кеп мунайда, (жана) үстөмдвүк кылуу аракетинде. Тарыхта биринчи жолу мыйзамсыз, адеп-ахлакка сыйбаган согуштун алдында турабыз. Ага тарых өзү баа берээр", - деди Ирактын башкы дипломаты.

XS
SM
MD
LG