Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Баткен облустук соту Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын кароону улантты


БАТКЕН. 19-мартта Баткен облустук соту «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсү Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын кароону улантты. Бул күнү соттук териштирүү аяктап, жарыш сөз берилди. Анда соттолуучу Шералы Акботоев өзүнө коюлуп жаткан «терроризм», «барымтага кармоо», «кылмыштуу топту уюштуруу» деген айыптарга макул эместигин билдирди. Андан соң адвокат Сыйна Сарыүкүева Шералы Акботоев согушкерлердин арасына атайын мамлекеттик тапшырманы аткарыш үчүн барып, айласыздан калып калганын, коюлган айыптардын ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, аны бардык беренелер боюнча актап берүүнү өтүндү. Адвокат райондук сот бир-эки күндө эле карап бүтүрүп койгон бул ишти шашпай талдап, изилдегени үчүн соттук коллегияга ыраазычылыгын да билдирди. Ал эми прокурор Нургазы Токтосунов айыпталуучунун күнөөсүнө жетиштүү далилдер бар экенине токтолуп, Ш. Акботоевди 25 жылга эркинен ажыраткан Баткен райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырууну өтүндү. Жарыш сөздөрдөн соң сот төрагасы Табылды Жусубалиев акыркы сөздү 20-мартка калтырды.

XS
SM
MD
LG