Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Бишкек ТЭЦиндеги кырсыктан жапа чеккен экинчи жумушчу курман болду


БИШКЕК. Март айынын башында Бишкек ТЭЦинде болгон авариядан жабыркаган Максим Синюгин 18-марттан 19-мартка караган түнү борбор шаардагы № 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүндө каза болду. Бул тууралуу оорукананын күйүк бөлүмүнүн дарыгери Бакыт Жапаров кабарлады.
1-мартта Бишкек ТЭЦинде ишкананын айрым бөлүктөрү оңдолуп жатканда авария болуп, андан үч жумушчу катуу жабыркап, баары ооруканага жаткырылган. Алардын бирөө - Андрей Дедера - буга чейин кайтыш болгон. Б. Жапаровдун айтымында, жабыркагандардын үчүнчүсү - Солодин Зиямовдун абалы да оор бойдон калууда.

 

XS
SM
MD
LG