Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:46

Өкмөт алдындагы Экономикалык саясат боюнча кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды


БИШКЕК. Кыргызстанда патенттин негизинде сөзсүз түрдө салык төлөп иш жүргүзгөн тараптардын тизмесине компьютер менен кызмат көрсөткөндөр, шаарда микроавтобус менен жүргүнчү ташыгандар киргизилди. Андан тышкары казинолорго, дискотекаларга жана акы төлөп автомашина токтотуучу жайларга патент акысы көбөйтүлдү. Мындай чечим кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык саясат боюнча кеңештин 18-мартта өткөн жыйынында кабыл алынгандыгын шаршембиде өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, кеңеш мындан тышкары «баа берүү боюнча көз карандысыз уюмдар менен компаниялар, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддун активин башкаруучулар лицензия алып иштөөчү ишкерлердин катарына киргизилсин» деген чечим кабыл алды. Экономикалык кеңеш Инвестиция тартуу боюнча үчүнчү матрицанын аткарылышын да талкуулап, айрым министрликтер менен мекемелер аны аткарууга кайдыгер мамиле жасап жаткандыгын сынга алды.

XS
SM
MD
LG