Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Бишкекте саясий партиялардын ролу талкууланды


БИШКЕК. 19-мартта Бишкектеги «Пинара» мейманканасында «Саясий партиялар жана демократия» деген темада Германиянын Конрад Аденауэр фонду тарабынан уюштурулган семинар аяктады. Ага немис эксперттери, өлкөдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана парламент депутаттары катышты. Семинарда өлкөнүн саясий турмушуна партиялардын тийгизген таасирин күчөтүү маселеси козголду. «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев «саясий партиялардын өнүгүшү үчүн бийлик алардын ишмердүүлүгүнө жолтоо кылбашы керек» деген пикирин айтты. Ошондой эле «Саясий партиялар жөнүндө» жаңы мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгы да белгиленди. Оппозициялык партиялардын өкүлдөрү Конституциянын жаңы редакциясында партиялык тизме боюнча шайлоого тыйуу салынышы саясий партиялардын өсүшүнө терс таасирин тийгизээрин айтышты. Семинар 18-мартта башталган.

XS
SM
MD
LG