Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Коргоо министрлиги жаңы маалымат программасын ишке киргизди


БИШКЕК. Кыргызстандын Коргоо министрлиги ушул айдан баштап «Чакыруу: 2003-жылдын жазы» аттуу маалымат программасын ишке киргизди. Министрликтен 19-мартта алынган маалыматка караганда, бир жарым жылга созула турган программанын негизги максаты - аскерге кызмат өтөөгө чакыруунун тартиби тууралуу калкка кеңири маалымат берип, аны ачык жүргүзүү. Бул аскерге кызмат өтөөгө байланыштуу калк арасында пайда болгон кайчы көз караштарды жоюп, жергиликтүү аскер комиссариаттарынын ишин жакшыртуу зарылдыгынан улам келип чыкты. Эми программанын алкагында жер-жерлерде «ишеним телефондору» орнотулуп, коомдук кабылдамалар ачылат жана «ачык эшик күндөрү» өткөрүлөт. Ал эми ушул жылдын башынан тартып күчүнө кирген «Альтернативалык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде альтернативалык кызмат мөөнөтү үч жылдан эки жылга, жогорку билимдүүлөр үчүн бир жарым жылга чейин кыскартылды. Аларга аскер бөлүктөрүнөн башка жерлерде да кызмат кылууга укук берилди.

XS
SM
MD
LG