ЖАЛАЛАБАД. 19-мартта Жалалабад облусундагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Аксы окуясында курман болгон жарандарды эскеришти. Өткөн жылы Аксы окуясына набыт болгон 6 жигитти эскерүү каадасы «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын облустук бөлүмүндө өткөрүлдү. Ага облустагы 21 бейөкмөт уюмдун жетекчилери, Жалалабад менен Сузактын айрым тургундары катышты. Сузак районунан келген карыя Раимкул Каримкулов каза тапкандардын арбагына арнап куран окуп, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтты. Укук коргоочу Абдиназар Маматисламов шейит болгондор демократиянын курмандыгына чалынган эрдиги менен эсте калаарын белгиледи.