Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Дүйнөлүк Банк президент А. Акаев менен жаңы стратегияны талкуулады


БИШКЕК. Шейшембиде президент Аскар Акаев Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык директору Денис де Трей менен жолугушту. Банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Динара Жолдошевадан 19-мартта алынган маалыматка караганда, анда Кыргызстанда Жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук стратегиянын алкагында Кыргызстан менен банктын ортосунда түзүлүп жаткан «Өлкөгө жардам берүүнүн жаңы стратегиясы» талкууланды. 2003-2006-жылдарда ишке ашырылмакчы болуп жаткан бул стратегия негизги үч багытты, тактап айтканда экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүп, иш менен камсыз кылуу шартын түзүү, адамдын өнүгүшү үчүн социалдык коргоо шарттарын жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруу тармагын өркүндөтүү багыттарын көздөйт. Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңеши 27-февралда өткөн отурумунда Кыргызстандын улуттук стратегиясын жактыруу менен бирге, аны ишке ашырыш үчүн артыкчылык бериле турган тармактарды, анын мөөнөттөрүн тактоону сунуш кылган. Дүйнөлүк Банктын директорлор кеңеши бул жаңы стратегияны ушул жылдын май айында боло турган отурумунда бекитиши керек.

XS
SM
MD
LG