Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Премьер-министр Н. Танаев Украинага барат


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев 26-мартта Украинага расмий иш сапары менен барат. Ал Украинанын өкмөт башчысы менен жолугушуп, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу шаршемби күнү Тышкы иштер министрлигинин КМШ бөлүмүнүн башчысы Эркин Мамкулов кабарлады. Анын айтымында, Н.Танаевдин иш сапарынын учурунда Украинанын Кыргызстанга СССР мезгилиндеги 27 млн. доллар өлчөмүндөгү карызын төлөө маселеси козголот. Андан тышкары эки өкмөттүн ортосунда жарандардын өз ара катташуусу, окуу жайларынын дипломдорун өз ара таануу жана айыл чарбасы тармагында кызматташуу боюнча макулдашууларга кол коюлат. Н. Танаевдин иш сапары 28-мартка чейин созулат.

XS
SM
MD
LG