Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Германиянын ЕККУдагы өкүлү Кыргызстанга иш сапары менен келди


БИШКЕК. 19-мартта Кыргызстанга Германиянын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы элчиси Дитер Боден бир күндүк иш сапары менен келди. Аны менен бул күнү президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жолугушту. Жолугушууларда Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы жана аны өркүндөтүү тууралуу сөз жүрдү. Дитер Боден Кыргызстанда Акыйкатчы институту менен Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин түзүлгөндүгү демократиялык реформаларды мындан ары жакшыртууга мыкты өбөлгө түзөөрүн билдирди. Ал демократияны калыптандыруу боюнча Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин ичинен үлгү боло ала тургандыгын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG