Сербиянын Ички иштер министрлиги премьер-министр Зоран Жинжичтин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Милан Сарайличтин бүгүн кармалганын ырастады.
Сарайлич өткөн аптада Жинжичти өлтүрдү деп айыпталган "Земун" кылмыштуу тобу менен байланышы бар деп шектелүүдө.
Мындан тышкары Сербиянын парламенти Слободан Милошевич бийликте экенде бекиген 36 сотту кызматтан четтетти. Юстиция министри Владан Батич соттордун аракетсиздиги "Земун" өндөнгөн уюшкан топторго бир нече жылдан бери жазасыз калууга мүмкүндүк бергендигин белгиледи. Сербияда бир жуманын ичинде Жинжичтин өлүмүнө байланыштуу 700дөн ашык киши кармалды.