Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын атайын өкүлү Тео ван Бовен 19-март күнү атайын жарыя жасап, Өзбекстандын абактарындагы абалды катуу сынга алды. Анын айтымында, абакта кармалгандар такай кыйноого алынат. Президент Ислам Каримовдун тышкы маселелер боюнча кеңешчиси Абдулазиз Камиловдун айтымында, андай кыйноо фактылары кээде кездешет, бирок аны өкмөттүн туруктуу саясаты деп саноого болбойт.