Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

АКШ аскерлери Ооганстанда дагы террорчуларга каршы чабуул баштады

Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилигинин айтымында, 20-март күнү эртең менен алар өлкөнүн түштүк аймактарында "ал-Каида" аттуу террордук уюмдун калдыктарына каршы жаңы чабуул баштады. Акыркы күндөрдө Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө каршы террорчулар тарабынан бир нече аракет көрүлгөн. Өкмөттүн айтымында, алар үчүн "Аль-Каида" менен Талибандын калдыктары жана мурдагы премьер-министр Гүлбеддин Хекматиардын күчтөрү жооптуу.
XS
SM
MD
LG