Украина парламенти 20-мартта атайын чечим кабыл алып, Кувейтке 500 аскер жиберүүнү чечти. Алар негизинен химия боюнча адистер жана эгер Ирак Кувейтке каршы химиялык курал колдонсо, анын кесепеттерин жоюу багытында аракеттенет. Февралда АКШ өкмөтү Киевден химия боюнча адистерди Кувейтке жиберүүнү сураган бирок тышкы иштер министри Анатолий Зленконун айтымында, украйналык аскерлер согуш аракеттерине катышпайт.