Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө антиамерикалык митингдер өтүп жатат


Австралиянын Сидней жана Мельбурн шаарларынын көчөлөрүнө 20-март күнү эртең менен он миңдеген адам чыгып, АКШ баштаган согушка каршылык билдирди. Алар АКШ жетекчилигин гана эмес, Перс булуңуна эки миңге жакын аскер жиберген Австралия премьер-министри Жон Ховардды да сындап, анын саясатына каршы чыгууда. Индонезиянын борбору Жакарта шаарында дагы АКШ элчилигинин алдында миңдеген адам чогулуп, каршылык пикет өткөрдү. Алмания, Грекия, Италия, Марокко, Мисир, Португалия жана Францияда дагы антиамерикалык митингдер болуп өттү.

XS
SM
MD
LG