Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Бириккен Улуттардын баш катчысы АКШ менен Ирак жетекчилерине кайрылды


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 20-мартта АКШ жана Ирак жетекчилерине кайрылып, согуш учурунда карапайым калк арасында курман болгондордун санын мүмкүн болушунча азайтууга чакырды. Анын айтымында, Ирак маселесин чечүү үчүн бардык дипломатиялык чаралар колдонуп бүткөн эмес: "Эгер биз дагы ишибизди уланта турсак, мүмкүн, Иракты тынчтык ыкмалары менен куралсыздандырууга жетишет элек. Же жок дегенде дүйнө бул маселе боюнча биргелешкен чечим кабыл алмак жана күч колдонуу аракеттерине азыркыдан көбүрөөк колдоо болмок". Аннандын айтымында, Ирактын карапайым калкына жардам көрсөтүү үчүн Бириккен Улуттар өзүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот.

XS
SM
MD
LG