Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Дүйнөнүн бир топ мамлекети АКШнын аракеттерин сынга алууда


Алмания, Кытай, Орусия жана Франциянын өкмөттөрү бүгүн атайын билдирүү жасап, Иракка каршы башталган согуш тууралуу терең тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Кытай Тышкы иштер министрлигинин айтымында, АКШ Ирактагы аскерий аракеттерин токтотуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү кайра башташы керек. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Америка Кошмо Штаттары ката кетирди. Түрк президенти Ахмет Неждет Сезер жана Алмания тышкы иштер министри Йошка Фишердин пикиринде, Ирак маселесин тынчтык ыкмалары менен чечсе болмок. Ватикан жана Иран дагы АКШнын аракеттерин сынга алып, согуш үчүн жетиштүү себеп жок болчу деп жарыялады. Ирак кризисин эл аралык коомчулук дипломатиялык чаралар менен чече албаганы тууралуу өз тынчсыздануусун бүгүн Европа Биримдигинде төрагалык кылган Грекия да билдирди. Франция президенти Жак Ширактын айтымында, ал согуш ылдам аяктайт деп үмүттөнөт.

XS
SM
MD
LG