Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

АКШ Иракка каршы согуш баштады


Америка Кошмо Штаттары 20-мартта эртең менен, Бишкек убактысы боюнча жети жарымда Иракка каршы согуш баштады. Өлкөнүн борбор калаасы Багдад шаарына кеминде 40 ракета атылып, көптөгөн 900 килограммдык бомба ташталды. Ирак өкмөтүнүн айтымында, бир адам курман болуп, дагы бир нече киши жарат алды. Аскерий аракеттер башталгандан кийин АКШ президенти Жорж Буш америкалык элге кайрылды: "Менин буйругум менен коалициялык күчтөр Ирактын аскерий түзүлүштөрү арасынан тандалган буталарга сокку ура баштады жана бул аракет Саддам Хусейндин согушуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бул соккулар - кеңири жана кылдат даярдалган аракеттердин башталыш бөлүгү", - деди Буш. Согуш башталгандан кийин Ирак президенти да сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, америкалык аракеттерди "маскара кылмыш" деп атады. Кошуна Кувейттин айтымында, Ирактан анын аймагына бир нече ракета атылды, бирок алар эч зыян тийгизген жок.

XS
SM
MD
LG