БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, бул күнү мыйзамдын 44 беренесин талкуудан өткөрдү. Алардын ичинде Жогорку Кеңештин, анын төрагасынын, анын орун басарларынын, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын укуктары, депутаттык топтордун жана фракциялардын укуктары талкууланды. Кабыл алынган жоболорго ылайык парламентте жетиден ашпаган комитет болот жана ар бир депутаттык топтун кеминде жетиден мүчөлөрү болушу керек. Депутаттык топторго жана фракцияларга төрагадан башка бардык депутаттар мүчө боло алышат. Жаңы талкууланып жаткан долбоор беш бөлүктөн турат. Анын экинчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүмдөрү Жогорку Кеңештин жаңы курамы ишин баштагандан тартып күчүн жоготушу керек.