БИШКЕК. Бүгүн Тышкы иштер министрлиги өткөн жылдын жыйынтыгын кеңири коллегияда талкуулады. Ага катышкан премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандын тышкы саясий ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалады. Дипломатиялык аракеттердин шарапатынан улам Кыргызстан менен Түркия, Швейцария, Германия, АКШ, Канада өңдүү өлкөлөрдүн, Европарламент, ЕККУ, НАТО өңдүү аймактык уюмдардын кызматташтыгы артканы айтылды. Премьер-министр коллегиянын жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө айрыкча кеңири токтолду.