Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:47

Парламент депутаттары Ирак маселесине карата өз пикирлерин айтышууда


БИШКЕК. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү АКШнын Иракка жасаган чабуулуна жана ага карата Кыргызстандын мамилесине байланыштуу түрдүү пикир айтышууда. Маселен Өмүрбек Текебаев, Бейшебек Акунов өңдүү депутаттар АКШнын Иракка каршы аракетин баскынчылык катары баалашты. Ушул эле позицияда турган депутат Алымбай Султанов: «Ал жерде карапайым эл, балдар, чалдар, кемпирлер бейкүнөө кырылып кетээрине көзүм жетип турат», - деди.
Ал эми Ишенбай Кадырбеков бул маселе дипломатиялык кылдаттыкты талап кылаарын айтты. «Кичинекей мамлекет болуп, даражабыз чоң деңгээлге жете элек болгон соң Кытайга окшоп ушу маселе боюнча унчукпай койгонубуз деле жакшы. Зор Кытай унчукпай, Кошмо Штаттарга кылдат мамиле кылып атса, биз алдыга чыгып алып каршы чыкканыбызды мен дипломатиялык жактан да, башка жактан да туура көрбөйм», - деди И.Кадырбеков.

XS
SM
MD
LG