Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

Кыргызстан Ирактагы согуш аракеттерине кабатыр


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШ тарабынан Иракка каршы башталган аскерий операцияларга байланыштуу билдирүү жасады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечимин эске албай башталган чабуулга Кыргызстан кабатыр экенин белгиледи. Аскар Айтматов ошондой эле расмий Бишкек Ирак маселесинин тезирээк тынчтык жол менен чечилишин жактай турганын, массалык кыргын салуучу куралдар колдонулбашына жана элди жабыркатууга жол берилбешине үмүт артаарын билдирди. Ал эми министрликтин консулдук башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрик Бейшембиев бул күнү «чабуулга тушугуп жаткан Ирактын аймагында Кыргызстандын жарандары жок, Иракка барууну каалагандар да жок» деп билдирди. Ушул эле күнү тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтканына караганда, Иракка жамаатташ жайгашкан Иран Ислам Республикасында 30, Бириккен Араб Эмиратында 270, Түркияда 970 чамалаш кыргызстандык жарандар бар. Алардын басымдуу бөлүгү - элчиликтин кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, студенттер жана ишмерлер. Кыргызстанда болсо Ирактын алты жараны бар. Алар Кувейт университетинде иштешет.

XS
SM
MD
LG