Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Британ аскерлери да Иракта согушка кирди


Алдын ала тасмага түшүрүлгөн билдирүүсүндө Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр "согуштук миссиянын максаты - Саддам Хусейнди бийликтен кетирүү жана Ирактын бүткүл дүйнөгө коркунуч келтирген массалык кыргын куралдарын жок кылуу" деп ырастады.
"(Бул) бардык өлкөлөргө коркунуч келет. (200гө чукул киши каза болгон) жардыруудан жапа чеккен Индонезиянын Бали шаары эч качан терроризмге каршы күрөштүн алдыңкы майданы болгон эмес. Америка «ал-Каидага» кол салган эмес, алар Америкага кол салышкан. Британия эч качан бирөөнүн артына жашынган эмес, жашынсак да андан бизге жардам болбойт эле",- деди Блэр.
Блэр ошондой эле "Саддам кулатылгандан кийин Британия Иракка гуманитардык жардам көрсөтүүгө шымалана кол кабыш кылат" деп айтты.

XS
SM
MD
LG