Азыр алар өкмөттүк имараттарды бомбалап жатышат.
АКШнын армиясы "америкалык аскерлер Кувейттен Иракка басып кирип, душмандын аскерлери менен согушуп жатышат" деп маалымдады. Бирок болжолу массалык оккупация баштала элек. Жапа чеккендер тууралуу кабар болгон жок.
Мунун алдында Ирак Кувейтти бир нече ракета менен атып, алардын айрымдары АКШнын согуштук позицияларына жакын келип түшкөн эле. Кувейттин кабар агенттиги "АКШ баштаган күчтөр Умм Каср шаарын басып алышты" деп маалымдады, бирок Ирак сыналгысы бул кабарды төгүнгө чыгарды.
Вашингтондо АКШнын Коргонуу катчысы Рональд Рамсфельд Ирактын жетекчилиги багынып бербесе, Ирак болуп көрбөгөндөй согуш отуна чулганаарын эскертти.
"Мындан кийинки окуялар буга чейинки бир да согушту кайталабайт. Буга чейин угуп-билбеген масштабдагы күч колдонулат",- деди Рамсфельд.
Саддамдын жана анын эки уулунун кайда экени маалым эмес.