Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Шанхай кызматташуу уюмунун өкүлдөрү чогулат


25-мартта Чолпоната шаарында Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин координаторлорунун Улуттук кеңешинин кезектеги жыйыны ѳтѳт. Ага уюмга кирген 6 мамлекеттин өкүлдөрү, Кыргызстандан тышкы иштер министринин орунбасары Асанбек Осмоналиев катышат. Жыйында Шанхай кызматташуу уюмунун документтеринин долбоору каралат. Ал документтерде уюмдун органдарынын ишмердүүлүгү аныкталат. Улуттук координаторлордун жыйыны менен катар Шанхай кызматташуу уюмунун Бишкекте жайгаша турган антитеррордук структурасын ишке киргизүү боюнча эксперттик топтун бешинчи жыйыны да башталат. Бул жыйындар 28-мартка чейин уланат. Бул тууралуу жума күнү тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG