27-мартта Брюсселде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташуусу боюнча биргелешкен комитеттин төртүнчү жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышат. Жыйындын күн тартибинде кызматташууну андан ары өркүндөтүү, Кыргызстандагы акыркы саясий-экономикалык өзгөрүштөр, соода жана инвестиция боюнча кичи комитеттин ишине байланыштуу маселелерди чечүү бар. Бул тууралуу жума күнү өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдү кароодо өзгөчө адам укуктарынын сакталышы, басма сөз кызматтарынын абалы, демократиялык талаптардын сакталышына көңүл бурулмакчы.