Каракол шаардык стадионунда жаштыктын, тазалыктын, аруулуктун, токчулуктун, ырыс-кешиктин жана үмүт-тилектердин символу болгон Нооруз майрамы театрлаштырылган көрсөтүүлөр, улуттук оюн-зоок менен башталды. Майрамдык иш-чарага катышкан көпчүлүк эл Ирак согушунун тез арада аякташын, дүйнөдө кан төгүлгөн кыргындуу согуштун болбошун, жер жүзүндө тынчтыктын, бейпил замандын орношун тилек кылышты. Чыгыш калкынын жаңы жыл майрамы менен облус губернатору Эмилбек Анапияев куттуктап, дубандын жаамы журтуна жакшылыктарды каалады. Ал эми майрамдык шаан-шөкөттөр облустагы жогорку окуу жайларында элдин каада-салттарынын, үрп-адаттарынын негизинде уюштурулган кароо-сынактар менен коштолду.