Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

Йемендин баш калаасында согушка каршы демонстрациялар учурунда орун алган баш аламандыкта бир киши курман болуп, бир нече киши жарадар болду


Йемендин баш калаасы Санаада согушка каршылык көрсөтүү акциясына 30 миңдей киши катышты жана анын акыркы жылдарда болуп көрбөгөндөй баш- аламандык менен коштолгону айтылууда. Полиция менен болгон кагылышууда бир киши курман болуп, бир нече киши жарат алды. Мисирдин баш калаасы Каирде 500 миң киши көчөгө чыгып, антиамерикалык ураандарды чакырышты. Полиция демонстранттарды суу чачып таратууга аракеттенди. Түркияда Стамбул шаарында полиция демонстранттарга каршы жаш агызуучу газ колдонду. Демонстранттар полицияга таш ыргыткан. Пакистанда бүткүл өлкө боюнча 200дөй митинг жана демонстрациялар өткөрүлдү. Газа тилкесинде жана Иордандын батыш жээгинде миңдеген палестиндер ирактагы согушка каршылык көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG