Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:11

Түркия АКШнын учактарына аба мейкиндигин ачуу жөнүндөгү чечимин дагы эле кабыл ала элек


Өлкөнүн вицепремьер- министри Абдулатиф Сенер маселе дагы эле талкууланып жатканын билдирди. Кечээ Түркиянын парламенти Америкалык учактарга Түркиянын үстүнөн учууга уруксат берген, бирок учактардын Түркиянын базаларына конуп, май куйуусуна макулдугун берген эмес. Британиянын коргоо министри Жефф Хун Анкарадан Түркиянын үстүнөн учуу уруксатын Британия дагы сурап жатканын билдирди. Анын аралыгында Ирактын түндүгүндө күрт топтору мунайга бай Керкук шаарын басып алууга ниеттенип жатышканы билдирилди. Күрт тобунун жетекчиси Хамид Рахим күрттөр аскердик аракеттерин АКШнын аскерлери менен координациялаштырганын билдирет.

XS
SM
MD
LG