Бир жарым миңдүү аскер чек арадан өтүп, шапкер жүрүп келатат. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гул коломолуу түрк колу күрттөр жашаган райондорго жайгаштырыла тургандыгын билдирди. Аскерлерге “террордук топтордун активдешүүсүн”, ошондой эле качкындардын үрөйлөнгөн агымын алдын-алуу милдети жүктөлдү. Бирок Пентагон бул маалыматты тастыктай алган жок. Түрк аскерлери түндүк Иракка киргенин ырастаган кабарлар бизде жок, деп билдирди Пентагондун өкүлү. Андан мурдараак АКШнын коргоо министри Рамсфелд түрк контингентинин түндүк Иракка киргизилишине Вашингтон каршы экендигин бышыктаган эле. Мындай кадам түндүктөгү күрттөрдүн куралдуу козголоңун пайда кылат, натыйжада Ирактагы операцияларга каскак келтирет, деп айткан эле Рамсфелд.