Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Аба жапырыктар маалында Саддам Хусейндин негизги резиденциясы - Республика сарайы талкаланды


Премьер-министрдин жана өкмөттүн, ошондой эле башкаруучу Баас партиясынын кеңселерине да бир нече ракета тийди. Багдад түнү бою жалбырттап күйүп турду, деп кабарлайт катарлык “Ал-Жазира” телеканалы. Ирактын түндүгүндөгү Киркук жана Мосул шаарлары да бомбаланды. Ал эми түштүктөгү Насирия шаарына жакын жерде айыгышкан уруштар болуп жатат, бул жерде ирак аскерлери жаалданып каршылык көрсөтүшүүдө. Мунун алдында америкалык аскерлер Умм-Каср портун алышты, ал эми Фао жарым аралы британдык бөлүктөрдүн колуна өттү.

XS
SM
MD
LG