Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:49

ЕврАзЭС Бишкек отурумуна чогулат


28-мартта Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин парламенттер аралык ассамблеясынын туруктуу комиссиясынын отуруму өтөт. Парламенттер аралык ассамблеянын катчылыгынын маалыматына караганда, бул отурумда 17 маселе каралары күтүлүүдө. Алардын катарында ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин жарандарынын убактылуу эмгек ишмердүүлүгү тууралуу макулдашуунун жана жамаатка кирген өлкөлөрдүн социалдык саясаты боюнча келишимдин долбоорлору бар. Отурумда Орусиянын Европадагы социалдык хартияга кошулушуна жана жамааттык келишимдин укуктук базасын өркүндөтүү багытындагы Орусия мыйзамдары жайында пикир алмашуу жүрөт. Уюмдун 2003-жылы аткара турган иш планы талкууланат. Бул тууралуу жума күнү «Акипресс» маалымат агенттиги жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG