Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Улуттар уюмунун комиссарлыгы качкындарды тосууга даярданууда


Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгынын башкы комиссарлыгы, бир катар эларалык уюмдар Иракка чектеш өлкөлөр менен бирдикте согуш болуп жаткан аймактан келүүчү качкындарды тосуп алууга даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Алынган маалыматка караганда, учурда Ирак менен чектеш аймактарда 300 миң качкынга баш баанек даярдалды. Ага 26 миллион доллар чыгымдалды. Жакын арада дагы 50 миң качкынга жай даярдалат. Ошондой эле Бишкек өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, ортодогу аларалыктын алыстыгына байланыштуу Ирактан Кыргызстанга качкындар келбеши ыктымал. Ошондой болсо да, учурда Ооганстандагы болуп жаткан окуяларга кылдат байкоо жүргүзүү зарыл. Анткени Ирактагы согуш, Борбор Азия регионуна, анын ичинде аталган өлкөгө өзгөчө таасирин тийгизери шексиз.

XS
SM
MD
LG