Бүгүн Берлинде, Лондондо, Бернде, Каирде Ирактагы согушка каршы демонстрациялар болуп өттү. Лондондо демонстрацияга миңдеген кишилер чыкты. Демонстрациялар ошондой эле Азия мамлекеттеринде да болду. Индонезиянын баш калаасында жүздөгөн кишилер катуу кайтарыкта турган АКШ элчилигин алдында демонстрация өткөрүштү. Мусулман дүйнөсүнүн үчүнчү чоң өлкөсү - Бангладеште бүгүн массалык иш таштоо болду. Ирактагы согушка каршылык көрсөткөн демонстрациялар Австралияда, Түштүк Кореяда жана Жаңы Зеландияда болду. Бүгүн АКШда дагы чоң демонстрациялардын болушу күтүлөт.